АНОНС! Бүгүн саат 15:00дө Акыйкатчынын орун басары Айчүрөк Назаралиева SUPERTV’да түз эфирде маек берет

Сиздин акыйкатчыга айта турган көйгөйүңүз барбы? Акыйкатчыга кимдер кайрыла алышат жана кандай арыздарды берүүгө мүмкүн? Ал арыздар менен кайда баруу керек? Негизи эле кандай учурда акыйкатчыга кайрылууга болот?

Ушул жана башка суроолорго SuperTV телеканалынын түз эфиринде бүгүн, 25-март күнү саат 15:00дө Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын орун басары Айчүрөк Назаралиева жооп берет.