Анталияда кыргыз келин таксиде көз жарды

Түркиянын Анталия шаарындагы Кепез районунда кыргыз келин таксиде көз жарды. Бул тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттар жазып чыкты.

Маалыматка караганда, кыргыз келин Самара Сатылмыш такси менен төрөтканага чейин барган, бирок медкызматкерлер төрөттү унаанын ичинде кабыл алышкан. Азыр эне-баланын абалы жакшы, алар палатага которулду.