«Апасы аман калган». Өзгөндө 4, 3 жана 1 жаштагы наристелер иске ууланып көз жумган

Өзгөндө 3 наристе иске ууланып көз жумган. Маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ош ОИИБден билдиришти.

3-февраль күнү милицияга кабар келип түшкөн. Анда Өзгөн районунун Мырза-Аке айылынын тургуну кыздары менен үйүндө көмүрдүн исине ууланышып, анын кесепетинен айылдык ооруканага түшкөндүгүн билдиришкен. Аталган факты  катталып, териштирүү иштери башталган. Текшерүүдө Мырза-Аке айылынын тургуну 26 жаштагы келин жана анын 4, 3, 1 жаштагы кыздары өзүнүн жашаган үйүндө көмүрдүн исине ууланып, келин айылдык ооруканага жеткирилип, ал эми кыздары каза болуп калышкандыгы аныкталган. Окуя боюнча күбөлөр суралган.

Каза болгон наристелердин жакын туугандары арыз жазуудан жана соттук-медициналык экспертизадан өткөрүүдөн баш тартышкан. Жогорудагы окуя боюнча кылмыштын курамы аныкталбагандыктан Кылмыш-Жаза кодексинин 27-беренесинин 1-бөлүмүнүн 2-пунктун (жосунда кылмыш курамы болбогондо) негизинде кылмыш ишин козгоодон баш тартылды.