«Апасы аны 3 айлык кезинде агасына таштап кеткен». Бишкекте мектепке барбаган 9 жаштагы бала аныкталды

Бүгүн Фучик көчөсүндөгү үйлөрдүн бириндеги эч качан мектепке барбаган 9 жашар балага бардым. Бул тууралуу “Балдардын укугун коргоочулар лигасы” коомдук фондунун жетекчиси Назгүл Турдубекова билдирди.

«Апасы аны 3 айлык кезинде агасына таштап кеткен. Бала абдан акылдуу, мектепке баргысы келет. Анын эч кандай документтери жок. Биздин өлкөдө билим менен камсыз болбогон мындай балдар көп деп ойлойм. Үй-бүлөнү колдоо жана балдарды коргоо боюнча адистештирилген социалдык кызматкерлер жок болгондуктан окуудан чыгып калган балдарды аныктоо системасы жакшы иштебейт»,— деди ал. 

Ал Бишкек мэриясына кайрылып, баланы мектепке киргизүүгө жардам берүүнү суранды. «Баланын медициналык кароодон өтүшү маанилүү, ал жашына караганда кичинекей. Балага буюм, бут кийим, канцелярдык буюмдар, канцелярдык эмеректерди жардам катары бергиси келгендер мага жеке катка кайрылсаңар болот»,- деди ал.