«Арча-Бешик» жаңы конушуна ичүүчү суу графикке ылайык берилет

«Бишкек суу канал» өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынан билдиришкендей, «Арча-Бешик» жаңы конушуна ичүүчү суу белгилүү график боюнча берилет. Бул тууралуу мэриядан маалымдашты.

— 15-июнда саат 7:00дөн 23:00гө чейин конуштун жогорку бөлүгү;
— 16-июнда саат 7:00дөн 23:00гө чейин төмөнкү бөлүгү;
— 17-июнда саат 7:00дөн 23:00гө чейин жогорку бөлүгү;

— 18-июнда саат 7:00дөн 23:00гө чейин конуштун төмөнкү бөлүгү жана башка.

Суу ташуучулардын цистерналары күн сайын дезинфекцияланып, «Аэропорт» суу алгычынан ичүүчү сууга толтурулат. Ар бир автоцистернада ичүүчү суунун сапатын көзөмөлдөгөн химиялык-бактериологиялык лабораториянын корутундусу бар.

Учурда өкмөттүн жана Жогорку Кеңештин деңгээлинде «Башкара-Суу» суу алгычынын жанынан төрт жаңы скважинаны бургулоо үчүн жер тилкесин берүү маселеси чечилүүдө. Жаңы скважиналар кошумча ичүүчү суу ресурстарын берет. Бул скважиналарды бир жылдын ичинде бургулап, пайдаланууга беруу пландаштырылган.