«Артында 1 уулу калды». Малик Аликеевдин өмүр баяны

Бүгүн, 17-январда Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Малик Аликеев каза болду. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине анын продюсери Чынара Итигулова акыркы учурда ооруп жүргөнүн билдирди.

“Мөлмөлүм” ыры менен элге таанылган Малик Аликеев 1969-жылы 6-июнда Талас облусуна караштуу Көпүрө-Базар айылында туулган. Атасы комузчу жана ырчы болгон, ал эми Малик Аликеевдин ырчы болуп калышынын апасынын салымы чоң болгон. Таласта жүргөндө жамбаш сөөгүн кокустатып, 2020-жылы эки ирет операция жасалган. Маркумдун артында 1 уулу калды.