Арыкта уктап калып, селдин суусуна агып кеткен туристтердин видеосу

Кечээ, 13-июнда соцтармактарда Казарманда арыкта уктап калып, селдин суусуна агып кеткен 4 туристтин видеосу тарады. Видеонун авторунун айтымында, ысыктан куураган жер кезерлер суунун каналына жата калышып, ошол жерде көзү илинип кеткен. Бул аралыкта селдин суусу келип, алар ылайга белчесинен чыланып калган.

Туристтердин баары аман-эсен. Видеодон чет өлкөдөн келген конокторго кыргызстандыктар жардамга кол сунуп жатканын көрүүгө болот.