Арзыгүл Галымбетованын өлүмү. Шектүү блогер үй камагына чыкты

AКИpress маалымат агенттигинин журналисти Арзыгүл Галымбетованын өлүмү боюнча кармалган блогер үй камагына чыкты. Бул тууралуу Баткен облустук сотунан билдиришти.

Маалыматка караганда, анын бөгөт чарасы кечээ, 18-августта каралып, үй камагына чыккан.

Кабарчынын өлүмү боюнча 28-мартта Баткен облустук милициясынан Кылмыш-жаза кодексинин 127-беренеси (этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү) менен кылмыш иши козголгонун маалымдашып, анын алкагында Баткен шаарынын 33 жаштагы тургуну болгон “Батма-бат” Ютуб каналында иштеген блогер кармалганын билдиришкен. 29-мартта Баткен райондук сотунун токтому менен шектүү Батмакан Жолболдуева бир ай мөөнөткө камакка алынып, 26-апрелге дейре Жаза аткаруу кызматынын Жалал-Абад шаарындагы №53 мекемесине киргизилген.