Министрлик: Аскар Акаевдин ЖОЖдорго өтө турган лекциялары өтпөй турган болду

Билим берүү жана илим министрлиги Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаевдин лекциясы Улуттук илимдер академиясында, Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде жана Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде болбой тургандыгын билдирди.

«Аскар Акаевге министрлик тарабынан лекция өтүүгө чакыруу болгон эмес, жогорку окуу жайларында гана пландалган. Коомчулук арасындагы терс реакциядан улам, Аскар Акаевдин өтүүсү мүмкүн болгон сабактары жокко чыгарылды», — дешти.