Кой-Таш айылында жайгашкан №73809 аскер бөлүгүндө кызмат өтөп жаткан аскер куралга этиятсыз мамиле кылуунун кесепетинен кокусунан ок чыгарган. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя түнкү саат 02:00 чамасында катталган. «Аскер Түп райондук аскер комиссариаты тарабынан чакырылган. Түнкүсүн ал постто кароолчу болуп турган. Куралга этиятсыз мамиле кылуунун кесепетинен кокусунан ок чыгарып, алган жараатынан ошол жерден каза болгон. Окуя болгон жерде Башкы штабдын жетекчилигинен, аскер бөлүктөрүнүн командачылыгынан, Аскердик прокуратуранын кызматкерлеринен жана Аламүдүн РИИБдин адистеринен турган комиссия иштеп жатат. Окуянын чоо-жайы иликтенип жатат», — деп билдиришти башкармалыктан.
Бүгүн, 4-июлда Коргоо министрлигинин аскер бөлүгүндө аскер өзүн атып, каза болгону маалым болгон. Бирок маркумдун жакындары өзүн-өзү өлтүрдү деген версияга ишенишперин билдиришкен.