Асынып өлдү делген келиндин эжеси: «ТикТокко киргени үчүн күйөөсү сабаган деп ойлойбуз»

2023-жылдын февраль айында 30 жаштагы келиндин жансыз денеси өзү жашаган үйдө асынган абалда табылган. Биздин телеканалга маркумдун атасы Жыргалбек Абдыкадыров акыйкаттык издеп кайрылды. Ал кызынын өзүн өзү асып алганына ишенбээрин айтат. Анын айтымында, күйөө баласы кызын муунтуп өлтүрүп, андан кийин асып койгон.

Атасынын айтымында, кызы канжалаган, чекеси жарылган, кокосу кыйылган абалда табылган. Ал эми күйөө баласы анын сумканын жибине асынып алганын айткан. «Менин кызымды сумканын кичине боосу көтөрө албайт болчу» деген ата окуя  тууралуу айтып берди. «Азыр улам ушуну ойлой берип, эмне кылып жүргөнүмдү деле билбей калам. Ар кайсыны ойлоном, көптөн бери жаман болуп жүрөм. Апасы күндө таң эрте, кеч ыйлайт. Кээде түшүмдө көрөм», — деди атасы.

«Мен сиңдим өзү өлдү дегенге ишенбейм. Жашоого деген жакшы ниеттери бар болчу. Эч качан 3 баласын таштап кетпейт болчу. Ошол күнү чалып, жакшы эле сүйлөшкөнбүз. Саат 6 жарымдарда атам чалды. Мен ишенген жокмун. Ал сабалган. Кызгана берчү. Экөө сүйлөшүп эле үйлөнүшкөн. Ага чейин дагы кызганычтын айынан кол көтөргөн. Анда көгала кылып сабап салган. «Алсыз эркек ошентет» деп урушканбыз. Кечирим сураган. Биз ал күнү эмне болгонун баласынан сурадык. «ТикТокко эмне киресиң?» деп апам экөө урушкан. Атам сабаган» деди. ТикТокко киргени үчүн сабаган деп ойлойбуз. Күйөө балам мен тийген эмесмин деп койду», — дейт маркумдун эжеси.