Ат-Башыда эмдөөдөн кийин чарчап калганы айтылган наристе боюнча иликтөө жүрүп жатат

Буга чейин социалдык тармактарда Ат-Башы районунда эмдөөдөн кийин чарчап калган наристенин апасы президент Садыр Жапаровго кайрылып, дарыгерлерге чара көрүүнү суранган видео жарыяланган.

Анын айтымында, 25-апрелде бир жаштагы наристеси кызамыкка каршы эмдөөдөн өткөн. Эмдөөдөн кийин бала шалдырап, дене табы көтөрүлүп, райондук ооруканага жеткирилген. Ал жактан жандандыруу бөлүмүнө түшкөн. «Төртүнчү күнү балабыз шилекейин жута албай калганда Нарынга которушту. Ал жактан балаңар комага түшүп калган деп Бишкекке жөнөтүштү. Балабыз Жалдагы балдар ооруканасында 3 күн жандандыруу бөлүмүндө жатып, ойгонбой бизди таштап кете берди”, — деген кайрылууда апасы.

Саламаттыкты сактоо министрлиги иликтөө иштери жүрүп жатканын билдирди. Эксперттик комиссия соттук-медициналык экспертизанын корутундусун күтүп жатат.