Ат-Башы районундагы Арпа өрөөндөрүндө аба ырайы кескин өзгөрүп, кар калың жаап, жайлоодо 5 үй-бүлө 867 уй, 1400 кой менен калып калган. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Азыркы учурда малчылардын тамак-ашы жетиштүү, бирок мал жандыктардын тоюту жок болгондугуна байланыштуу малчылар жардам сурап кайрылган. Жол каттам ачык. Кар алдында 2 уй, 3 музоо, 15 кой тоңуп өлгөн. Жергиликтүү бийлик тургундар менен биргеликте жерине 680 түк чөп жеткиришкен.