«Ата-энелерине умрага жолдомо берип». Блогер Дастан Махамадмурза үйлөндү

Блогер Дастан Махамадмурза 28-ноябрда сүйүктүүсү Хадича экөө баш кошуп, той өткөрүштү. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги блогерди куттууктап байланышканыбызда билдирди.

«Келинчегим 2004-жылы Баткен облусунун Сүлүктү шаарында төрөлгөн. Той 28-ноябрда өттү. Менин оюмча мыкты өттү деп ойлойм», — деди ал.

Социалдык тармакка жүктөлгөн видеодон жаш түгөйлөрдүн ата-энелерине умрага жолдомо бергенин көрүүгө болот.