Биздин бул жолку каарманыбыз 4 баласын жалгыз баккан 32 жаштагы ата. Ал мындан 6 ай мурда жубайынын жүрөк оорусу кармап, каза болгонун, ошол күндөн бери балдары үчүн эненин да, атанын да милдетин аткарып жатканын айтты. “Жубайым каза болгондо жоголуп кетким келген, бирок кыздарым үчүн жашоого кайттым” дейт ал.
Анын айтымында, жубайы колунда жан берген. Дарыгерлер буга жүрөк оору себеп болгонун айтышкан. «Үйгө келгим келбей, «эмне үчүн?» деп таарынып жаттым. Балдар эртең чоңоюп кетет, бирок жашоодо көңүлүңө жакын адам менен жашагың келет да. Мен келинчегимди жакшы көрүп үйлөнгөм, көзүмө өзү эле көрүнчү. Атам-энем жок болгондуктан, ошол адам менен кеңешип иш кылчумун. Cтресске кабылдым. Кичинекей кызым мени сактап, алып калды. Үйдө туугандар бар кезде, көчө кезип кетип калат элем. Бирок үйдө кызым бар деп, кайтып келчүмүн. Азыр Кудайга шүгүр, жакшы болуп калдым. 6 ай болду, бирок толугу менен өзүмө келе албай жатам. Кызым мени көрбөсө такыр уктабайт», — дейт каарман.