Abank_nov
SerepTV Logo

ИИМ: Аруу Эмилбекованын кайрылуусу боюнча текшерүү жүргүзүлүп, айтылган дооматтар ырасталган жок

ИИМ: Аруу Эмилбекованын кайрылуусу боюнча текшерүү жүргүзүлүп, айтылган дооматтар ырасталган жок
 
Президент Садыр Жапаровдун эл менен болгон жолугушуусунда Аруу Эмилбекова аттуу жаран балдарын өзүнө кайтарып алууга көмөк көрсөтүүнү өтүнүп, учурда алар менен жолугуша албай жатканын билдирген. Аталган кайрылууга байланыштуу укук коргоо органдарына тиешелүү тапшырма берилген.

Ички иштер министрлиги тарабынан тиешелүү текшерүү жүрүшүндө А.Эмилбекованын мурдагы жолдошу Б.Раматиллаев алардын ажырашуусуна үй-бүлөлүк зомбулук себеп эмес, А.Эмилбекованын уурулук факылары менен жоопко тартылгандыгы негиз болгондугун белгилеген. Жалал-Абад шаардык сотунун 2022-жылдагы чечими менен А.Эмилбекова Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинде каралган уурдоо кылмышынын эки фактысы боюнча күнөөлүү деп табылып, ага үч жылдык мөөнөткө пробациялык көзөмөл дайындалган. Мындан тышкары, буга чейин А.Эмилбекова 2026-жылдын октябрь айынын башында «Instagram» социалдык тармагы аркылуу кайрылып, мурдагы жолдошу балдарына карата зомбулук көрсөтүп жатканын билдирген. Аталган маалымат каттоого алынып текшерүү жүргүзүлгөн.

Текшерүүнүн алкагында соттук-медициналык экспертиза дайындалып балдардын денесинде жаракаттар аныкталган эмес. Ошондой эле тергөөгө чейинки текшерүүнүн жүрүшүндө суралган балдар атасы, чоң атасы жана чоң энеси тарабынан аларга карата зомбулук көрсөтүлбөгөнүн билдиришкен. Ошондой эле текшерүүнүн жүрүшүндө А.Эмилбекованын мурдагы жолдошунун К.Ташиев менен эч кандай туугандык байланышы жок экени аныкталган.

Азыркы учурда А.Эмилбекованын эки кызы 7-октябрдан бери өзү менен жашагандыгы тастыкталган. Балдары менен жолугушуу маселеси сот органдарынын компетенциясына кирери түшүндүрүлүп, бул маселе боюнча мыйзамда белгиленген тартипте сотко кайрылуу сунушталган. Жыйынтыгында, Ички иштер министрлиги тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн натыйжасында А.Эмилбекованын Кыргыз Республикасынын Президентине жолдогон кайрылуусунда айтылган дооматтар ырасталган жок.
SEREP MEDIA