Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбеков экс-президент Алмазбек Атамбаев менен Испания өкмөтүнүн башчысы Педро Санчестин жолугушуусунун сүрөтүн жарыялады.
Анын айтымында, бир катар маселелер талкууланып, өз ара колдоолор тастыкталды. «Мындан тышкары, Атамбаев дарылануунун жүрүшү жана алдыдагы процедуралар тууралуу айтты», — деп жазат Султанбеков.