Атамбаевдин жубайы Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун үстүнөн арыз жазды

Ички иштер министрлиги мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаеванын арызы боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу “Социал-демократтар” партиясынын лидери Темирлан Султанбеков билдирди.

Маалыматка караганда, ал милицияга кайрылып, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун кызматкерлери үйлөрүнө чабуул жасай баштаганын билдирген. «Алар чалбай, тыкылдатпай, эшиктерди бургу менен теше башташты, 15 бет капчан адам кирип келишти. Келгендер ал жакта жашаган экс-президенттин үй-бүлөсүн жана окуу-эс алуу комплексинин тарбиячыларын, музей кызматкерлерин чочутту. Раиса Атамбаеванын арызы кабыл алынып, иликтөө иштери башталды. Эч кандай документи жок, үй-бүлөнү көчүрүү боюнча соттун чечимисиз келгендер жакын арада кылмыш жоопкерчилигине тартылат деп ишенебиз», — деп айтылат билдирүүдө.

Буга чейин Темирлан Султанбеков Алмазбек Атамбаевдин жеке резиденциясында балдар үчүн окуу-эс алуу спорт комплекси ачыла турганын билдирген. Бул билдирүүдөн кийин Маммүлк фондунун өкүлдөрү резиденцияга келишип, үч күндүн ичинде бардык жайларды бошотууну суранышты.