«Атамды атып, үстүнө бензин чачып, күйгүзүп жиберишкен». Тажикстандын кол салуусунан ата-бала каза болду

«Атамды жоготтук, инимди жоготтук, үйүбүз чек арада күйүп кетти». Бул тууралуу Баткен районунун Ак-Сай айылынын тургуну Шумкар Зулпукаров. 

«Атам мектепте кароолчу болуп иштечү. Атам ушундай чыр чыккан сайын биздин аскерлерди мектепке алып барчу. Ошолорго жол көрсөтөм деп калып калчу. Биз көпүрөнүн алдында калып калдык, анан эле тажиктин 5 унаасы келди. Биз аларды кыргыздыкы деп ойлоппуз. Бизди аткылап баштады. Иним менен ӨКМ кызматкерин атып таштады, мен качып кетүүгө үлгүрдүм. Атамды атып, үстүнө бензин чачып, күйгүзүп жиберишкен. Инимдин көкүрөк тушун тытып салышкан», — деди ал.