Автобус албайт белеңиз? Мэрия аукцион өткөрүүнү пландап жатат

Борбор калаада автобустарды сатуу боюнча аукцион өткөрүү пландалууда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Транспорттук каражаттарды сатуу боюнча аукцион 12-майда өтөт. Мындан тышкары, автотранспорт каражаттарынын тизмеси бекитилди жана кепилдик төлөмдүн өлчөмү ЛОТтун баштапкы наркынын 10% өлчөмүндө аныкталды. Арыздар 10-майга чейин Бишкек шаары, Чокморов көчөсү, 246 дарегиндеги Бишкек мэриясынын Муниципалдык менчикти башкаруу департаментинин Муниципалдык менчикти эсепке алуу жана укук белгилөөчү документтер бөлүмү, №23 кабинетинде кабыл алынат.

Суроолор боюнча төмөндөгү номерлерге кайрылсаңыз болот: 0 (312) 45-44-08; 0707 45-19-48.