Автоунаалардын терезесин акы төлөп караңгылатууга уруксат берилгени жатат

Автоунаалардын терезесин акы төлөп караңгылатууга уруксат берилгени жатат. Бул чечим бюджетке кошумча каражат тартуу үчүн каралууда. Бул тууралуу өкмөт башчы Улукбек Марипов бүгүн, 3-апрелде социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

«Буга чейин да көп талкуу болгон. Авто унаалардын терезесин караңгылатуудан бюджетке кошумча каражат алып келсе болот. Биз сунуштарды даярдап жатабыз. Жакынкы аралыкта токтом долбоору Жогорку Кеңешке киргизилет. Кээ бир өлкөлөрдө маселе ушундай жол аркылуу чечилген», — деди Марипов.

Былтыр Экономика министрлиги унаалардын терезелерин караңгылатуудан акы алуу мыйзам долбоорун иштеп чыкканда өкмөт четке каккан эле.