Аялдардын укугу үчүн жүрүштө кулак-мурду кескиленген келин сөз сүйлөдү

Бишкекте 8-март күнү аялдардын укугун коргоо үчүн жөө жүрүш өттү. Жөө жүрүшкө 500дөй адам катышты.

Катышуучуларга мурдагы күйөөсү кулагын, мурдун кесип салган Асел Ногойбаева сөз сүйлөдү. Ал өз сөзүндө бул жарааттар кокустуктан эмес, балдарынын атасынын колунан калганын, аял эркек тарабынан зордук-зомбулукка кабылып жатканын белгиледи.

Ногойбаева укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө кайрылып, аларды үй-бүлөлүк зомбулук көйгөйүнө кайдыгер карабоого чакырды.