«Аялы арыз жазат деген эмне, андан көрө өлгөнүм жакшы». Милиция унаа сүзүп кеткен жаран боюнча маалымат берди

Бишкекте унаанын алдына чыга калган жаран боюнча Милициянын кайгуул кызматынан маалымат беришти.

Маалыматка караганда, Кайгуул кызматкерлерине үй-бүлөлүк чыр чатак болуп жатат деген маалымат түшкөн. «Айтылган дарекке кайгуул кызматкерлери барып, чыр чатак салган жаранды милиция бөлүмүнө алып келет. Ал жерден мас абалын текшерүү үчүн наркология бөлүмүнө алып барган учурда мас жаран аялына таарынып, “аялым мага карата арыз жазат дегени эмне, андан көрө өлгөнүм жакшы” деп качып чыгып, жолдогу унаанын астына чыга калган. Кайра кайгуул кызматкерлери Тез жардам кызматын чыкырып, ал келгенче биринчи медициналык жардам көрсөтүп, 4-шаардык ооруканага жөнөтүшкөн. Азыркы учурда ал жаран кайгуул кызматкерлерине эч кандай арыз доосу жок экендигин билдирди», — деп айтылат маалыматта.