Аялы менен уулун сабаган делген Сыргабек уулу Чубак жумушуна кайтты

Сыргабек уулу Чубак жумушуна кайтты. Маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ош ОИИБден тастыкташты.

30-августта соцтармактарда ички иштер органдарынын мурдагы кызматкери Сыргабек уулу Чубактын президент Садыр Жапаровго жасаган кайрылуусу тараган. Анда ал Ош ОИИБдин башчысы Жеңишбек Абитовдун мыйзамсыз иштерди кылып, куугунтукталып жатканын билдирген.

Ош ОИИБ маалымат таратып, кайрылуу боюнча текшерүү жүргөнүн айтышкан. Текшерүүнүн жүрүшүндө анын жубайы менен уулун сабаганын билдиришкен.