«Аялы менен уулун сабаган». Милиция куугунтукталып жатканын айткан Сыргабек уулу Чубак боюнча маалымат таратты

Кечээ, 30-августта соцтармактарда ички иштер органдарынын мурдагы кызматкери Сыргабек уулу Чубактын президент Садыр Жапаровго жасаган кайрылуусу тараган. Анда ал Ош ОИИБдин башчысы Жеңишбек Абитовдун мыйзамсыз иштерди кылып, куугунтукталып жатканын билдирди.

Ош ОИИБ маалымат таратып, кайрылуу боюнча текшерүү жүргөнүн айтышты. 11-июль күнү Кара-Суу райондук ички иштер бѳлүмүнѳ Фуркат айылынын жашоочусу 28 жаштагы аял арыз менен кайрылган. Арызда 2021-жылдын 10-июль күнү саат 16:00 чамасында күйөѳсү Сыргабек уулу Чубак ѳз ара пикир келишпестиктен улам арыз ээсин жана 3 жаштагы уулу экѳѳнү уруп денелерине жарат келтиргендигин билдирген. Чогултулган материал Кара-Суу РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, 2021-жылдын 12-июль күнү сотко чейинки ѳндүрүш иши ачылган.

Жабырлануучулардын денелеринен алган жараттарын аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалган. «2021-жылдын 28-июлдагы Ош облустук соттук-медициналык экспертиза бюросунун корутундусуна ылайык эки жабырлануучунун ден соолугу кыска мѳѳнѳткѳ бузулушуна алып келген жеңил жаракат алгандыгы боюнча корутундусу чыккан. Тергѳѳнүн жүрүшүндѳ жабырлануучунун күйөѳсү сотко чейинки иш боюнча шектүү Сыргабек уулу Чубак милициянын улук лейтенанты, Араван райондук ички иштер бѳлүмүнүн коомдук коопсуздук кызматынын милициянын участкалык уполномоченныйы катары кызмат ѳтѳй тургандыгы аныкталгандыктан Ички иштер министрлигинин Ички иликтѳѳ кызматынын 3-башкармалыгы тарабынан кызматтык иликтѳѳ жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында милициянын улук лейтенанты Сыргабек уулу Чубак Укук коргоо органдарынын кызмат ѳтѳѳсү жѳнүндѳгү мыйзамынын талаптарын одоно түрдѳ бузгандыгы аныкталгандыктан жана Араван РИИБдин 2021-жылдын 9-июндагы буйругу менен «сѳгүш» жана Ош ОИИБдин 2021-жылдын 22-июлундагы буйругу менен «кызматтык толук эмес ылайыктыгы жѳнүндѳ эскертүү» тартиптик жазаларын эске алуу менен Сыргабек уулу Чубак укук коргоо органдарынан кызматтан бошотуу боюнча буйругу чыккан. Азыркы учурда Сыргабек уулу Чубак кайрадан укук коргоо органдарынын катарына кайтуу үчүн сот органдарына кайрылган. Учурда соттук кароо улантылууда. Ал эми соттун чечими боюнча Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын начальниги Жеңишбек Абитовдун иш бѳлмѳсүнѳ келгендиги такталган жок. Ошондой эле Жеңишбек Абитовду каралоолор боюнча учурда текшерүү иштери уланууда», — дешти облустук милициядан.