Аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн электр энергиясына тарифтер төмөндөдү. Жарлыкка кол коюлду

Президент Садыр Жапаров «Аз камсыз болгон жарандарды (үй-бүлөлөрдү) электр энергиясы үчүн акы төлөөнүн өлчөмүн төмөндөтүү түрүндө колдоо чаралары жөнүндө» жарлыкка кол койду.

Садыр Жапаров 26-ноябрда Коопсуздук кеңешинин жыйынында аталган жарандарга электр энергиясы үчүн тарифтерди төмөндөтүүнүн механизмдерин иштеп чыгууну тапшырган. Бул жарлыктын максаты жана милдети 16 жашка чейинки балдары бар муктаж болгон жарандарга (үй-бүлөлөргө) социалдык маанидеги товарларга баалардын өсүшү шартында даректүү социалдык колдоо көрсөтүү болуп саналат. Жарлыктын алкагында Министрлер кабинетине токтом кылынат:

— 16 жашка чейинки балдары бар, «үй-бүлөгө көмөк» мамлекеттик жөлөк пулун алган муктаж жарандар (үй-бүлөлөр) үчүн электр энергиясына тариф 2022-жылдын 1-январынан тартып, айына 700 кВт/саат чейин керектегенде, 1 кВт/саат үчүн 50 тыйын өлчөмүндө аныкталсын;

— ушул жарлыктан келип чыгуучу, анын ичинде Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү белгиленген тартипте киргизүү каралган чараларды көрсүн.