“Азаттык” партиясы шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын билдирди

“Азаттык” партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Гүлбара Барыктабасова шайлоонун жыйынтыгынан кийинки кырдаалды сынга алып, БШК тарабынан жасалмалоо болгонун билдирди.

«Добуштарды саноо системасында жасалмалоо болгонун дагы байкадык. Биздин бийлик таза да шайлоо болот деп убада берди. Шайлоочулар менен иштешип, программабызды сунуштап, жыйынтыгын күттүк, жыйынтыкка нааразыбыз. Азыр аймактагы шайлоочулардын баары мага телефон чалып жатышат», — деди ал. 

Ал ошондой эле партия жакшы көрсөткүчтөр менен келе жатканын, бирок 7 пайыздан 4 пайызга түшүп калганын айтты.