«Жыйынга катышуу кылмыш эмес»,- деп билдирди саясатчы Азимбек Бекназаров 24-октябрда баш коргоо чарасын тандоо үчүн алып келинген Биринчи Май райондук сотунда журналисттерге.
«Мени чакырышты. Кемпир-Абадды кантип сактап калабыз деп сүйлөштүк, болду. Алар да чогулуштарды чогултуп, дүжүрлөрдү мажбурлап келишет, анда бул кылмыш болуп эсептелбейт. Тарап кеткен аудио жазууда мен Жогорку Кеңешке, президентке кандай таасир этсек болот дедим. Бирөө – митинг, пикет, бирөө – курултай дейт. Жогорку Кеңешке да, президентке да таасир этиш керек деп айтып жатам», — деди ал.
Мындан эки күн мурда интернетте камактагы саясатчылар менен жарандык активисттер бийликти басып алуу менен баш аламандыктарды даярдап жатышкан делген сүйлөшүүлөрдүн аудио жазуусу жарыяланган.