Атамбаевдин Арашандагы атасынын үйү конфискацияланат

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду Азиз Батукаевдин кылмыш иши боюнча мурдагы мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаевдин атасынын 1953-жылы курулган үйүн камакка алат. Бул тууралуу адвокат Замир Жоошев билдирди.

Анын айтымында, Атамбаев Батукаевдин кылмыш иши боюнча соттолгон жана камакка алынган мүлктөрдүн арасында 1953-жылы Арашан айылында курулган атасынын үйү да бар. «Арашан айылында Сеид Атамбаевге катталган жер тилке бар. Ошол тилкеде 2 үй бар. Бирөөсү Атамбаевдин атасы тарабынан салынган. Экинчисин Атамбаев 1988-жылы өзү салган. Баарын камакка алышыптыр. Бул мыйзамга туура келбейт. Анткени жер Сеид Атамбаевге катталган», — деди ал.