«Азыр ата-энесинин жанында». Өлкөдөн чыгарылган Болот Темировдун Орусиядагы аэропортто суралганы маалым болду

Иликтөөчү-журналист Болот Темировду Москвадагы аэропортто ФСБнын кызматкерлери суракка алды. Бул тууралуу Bulak.kg анын жубайына шилтеме берүү менен жазды.

Анын айтымында, журналистти ФСБнын кызматкерлери тосуп алышкан. «Алар анын кандай максатта учуп келгенин сурашты. Ал иликтөөчү-журналист экенин айтты. Акчаны каяктан алышарын сурады. Ал чет өлкөдөгү уюмдардан аларын айтты. Болотту өткөрүп, аны алып келген 2 жаранды көпкө кармашты», — деди ал.

Болот Темировду апасы тосуп алган. Ал азыр ата-энесинин жанында. Жубайы анын жанында паспорт, телефону жок экенин, болгону элчилик берген Орусиянын жараны деген убактылуу документи бар экенин айтты. «Биз Болот Темировдун Кыргызстанга кайтып келүүсү үчүн күрөшөбүз. Ал Кыргыз жараны, ушул жерде чоңоюп, өскөн. Temirov Live командасы Болотсуз иштей берет. Балким ал онлайн кошулат», — деди жубайы.

Кечээ, 23-ноябрда судья Адис Момуналиев төрагалык кылган соттук коллегия Темировду Кыргызстандын аймагынан чыгаруу чечимин чыгарган. Аны сот залынан сүйрөп алып чыгып кетишкен. Айрым маалыматтар боюнча аны аэропортко алып барышып, Орусияга салып ийишкен. Ал арада социалдык тармактарда анын жанында бир да документ, кийим-кечеси, акчасы жок экени айтылып, мекендештерге аэропорттон тосуп алууну суранган посттор жарыяланды.