«Азыр бизге тынчтык керек». ОшТВ телеканалы Кемпир-Абад боюнча сөздөрдү четке какты

ОшТВ телеканалынан жетекчиси Марат Акимбек уулу соцтармакта тарап жаткан маалымат боюнча үн катты.

«Социалдык тармактарда тарап жаткан “5737 гектар жер коңшу өлкөгө өтүп кетти” деген маалымат жарыяланган эмес. Интернетте бурмаланган маалыматтарды мүмкүн болушунча таратып өз кызыкчылыгын көздөгөндөр болууда. Урматтуу мекендештер, азыр бизге тынчтык жана ынтымакчылык керек болуп турган учур. Андыктан чек ара маселесинде жалган маалыматтарды таратпооңуздарды өтүнөбүз», — деп жазды жетекчи.

Буга чейин депутат Адахан Мадумаров кыргыз-өзбек чек арасы боюнча «Кемпир-Абад кетиптир» деген ызы-чуу катуу кетип бара жатканын, маалымат облустук телеканалдан айтылганын айткан.