«Азыр мен 6 балам үчүн эле жашап жүрөм» дейт ыйлаган жалгыз бой келин

Элнура Курманова шаар четиндеги таштанды таштоочу жайдын айланасында 6 баласы менен вагондо күн кечирет. Ата-энесиз өскөнүн айткан ал башынан өткөрүп жаткан тагдырын баяндап берди.

Келиндин биринчи турмушунан 4 баласы бар. Биринчи жолдошу айдоочу болуп иштеген. Келин анын жол кырсыгынан каза болуп калганын айтат. Андан кийин турмушка чыккан. Ал боюнда эгиздерди көтөрүп жүргөндө таштап кеткен. Келин тааныштарынан анын үй-бүлөсү бар экенин уккан.

«Мен азыр балдарым менен бактылуумун. Балдарымдан башка эч кимим жок. 6 балам үчүн жашап жүрөм. Бир туугандарым жок. Апам кичинемде каза болуп калган»,- дейт ал.