«Баары пранк болчу». Акыркы коңгуроодо мугалимдерин сындаган окуучу айтканы тамаша экенин билдирди

Кечээ, 16-июнда социалдык тармактарга Акыркы коңгуроодо мугалимдерин сындаган бүтүрүүчүнүн видеосу жарыяланган болчу. Ал видеодо мектепте окуш керек болгону үчүн жүргөнүн айтып, айрым мугалимдерден спирт жыттанарын айткан. Бул видео коомчулукта талкуу жаратты.

Кийинчерээк видео Сузак районундагы Благовещенка айылынын Гайдар атындагы мектепте тартылганы маалым болгон.

Бүгүн, 17-июнда окуучу видеокайрылуу жасап, анын айткандарынын баары пранк экенин билдирди. «Мектептеги видео пранк болчу. Пранк катары кабыл алсаңар болот», — деди ал.