Окуяга күбө болгон окуучунун апасы SEREPTV телеканалына буларды айтып берген.
«Мен жумушта болчумун. Уулумдун досунун апасы чалып калды, Ира балаң алдей таап алыптыр деп. Жумуштан келсем, бөбөктү алып кетишкен экен. Кандын изи баланы таштаган жерден эле башталып, дарактын түбүнө чейин жетип, андан ары жок. Кайда кеткени белгисиз. Милиция ит менен издесе, айланчыктап тура берди. Анан милиция кандын үстүнө таш тизип коюп кетишти», — дейт Ира Маманова.
Балдар ымыркайды чыгарганда бетинен бир этти көрүшүптүр. Көргөндөрдүн айтымында, баланын тону бетине жабылып калган.
Ымыркайды багып алсам деп суранат элем деген Ира Маманова: «Эне катары абдан жүрөгүм ооруду. Кыз экендигин укканда жүрөгүм башкача болду. Багып алсак болот бекен деп, документтерин кантип жасаса болоорун сураштырып жүрөбүз. Эгер беришсе, бакканга даярбыз», — дейт.