Байсалов окуу жылынын 12 жыл болгону тууралуу маалымат туура эмес деди

“Орто мектептин окуу жылын бир жылга узартып, 12 жыл кылып жатышат” деген маалымат туура эмес. Биз болгону баштапкы, мектепке даярдоо жылын (нулевой класс) алып салдык». Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов соцтармактагы баракчасына жазды.

«Учурда анын ордуна орто мектепти окуу жылы 1-класстан баштап 12-класска чейин деп гана өзгөрттүк. Себеби дүйнө жүзүндөгү дээрлик баардык өлкөлөр ушул системада, айрыкча өнүккөн өлкөлөр. Коңшу Казакстан бул системага эчак кирген. Өзбекстан да учурда бул системага кирүүгө даярдык көрүүдө. Келечекте балдарыбыз билим алуу тармагында башка мамлекеттер менен тең ата болсун десек бул системаны колдошубуз милдет. Андыктан, баардык мамлекеттер өтүп жаткан бул системадан биздин баш тартып, эски системада калууга эч кандай укугубуз жок», — деп жазылат билдирүүдө.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарынын айтымында, бул системага дароо эле ишке кирбейт жана бардык өзгөрүүлөр этап этабы менен жүрөт. Ага жараша мектеп программасы да толугу менен өзгөртүлөт.

«Окуучуларды билим алууга шыктандыруучу бир топ жагымдуу шарттар, мүмкүнчүлүктөр түзүлөт. Аны менен бирге эле, орто мектепти аяктады деген аттестат дагы өзгөчө күчкө ээ болот. Ошол себептен 11 жыл эми 12 жылга өзгөрдү дегенди угуп же, окуп алып эле шашылыш тыянак чыгаруудан алыс болууга чакырам», -деп жазылат билдирүүдө.