Бакиевдин маегинен улам Апрель революциясынын катышуучулары «Ала-Тоо» аянтына чогулушту

Бүгүн, 23-майда 2010-жылдагы Апрель революциясынын баатырларынын эстелигинин жанына 30дан ашык адам чогулду.

Алар качкын президент Курманбек Бакиев менен УТРКнын журналисти Кадыр Кошалиевдин маегине нааразылыгын билдиришүүдө.

Чогулгандар Апрель революциясынын катышуучулары экенин айтып, мамлекеттик маалымат каражатынан Кошалиевди жумуштан алууну талап кылышты. Алар дооматтарын айтуу үчүн УТРКнын имаратына жөө жүрүш жасоону көздөшүүдө.