Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Орозов Бактияр Сайпидинович Кыргыз Республикасынын илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.
Кыргыз Республикасынын илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин кызмат ордуна дайындоо үчүн Бактияр Орозовдун талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет.