«Бала-чака багып, отура бергиле». Депутат эркектердин арасында болуп жаткан сөздөрдү айтты

«Эркектердин ичинде «мындай чоң кызматта аялдар иштей албайт окшойсуңар» деген сөз боло баштады» деди Жогорку Кеңештин депутаты Чолпон Султанбекова.

«Биз убагында акыйкатчыны фракциябыз менен колдоп бердик эле. Эми аткара албай калды. Эркектердин ичинде «мындай чоң кызматта аялдар иштей албайт окшойсуңар» деген сөз боло баштады» дегенде депутат Жусупбек Коргонбай уулу сөзүнө аралашып, «бала-чака багып, отура бергиле» деди.

«Ошол үчүн мен 2 талапкерге тең ийгилик каалайм. Кимдин маңдайына жазган болсо, эртең жыйында ошонуңар өтөсүңөр», — деди ал.