«Баламды өлөйүн деп араң төрөгөм». Бала бакчада баласын сабаган эне элге кайрылды (видео)

Бүгүн, 18-июнь күнү социалдык тармакка тараган Кызыл-Аскердеги бала бакчада баласын сабаган эне коомчулукка кайрылуу жасады.

«Биздин бала бакчада видео байкоочу камералар бар. Балам жыңалач болуп алып кыздарга жыныстык органын көрсөтүп туура эмес иш кылды. Балам аябай эрке, кол тие электе эле ыйлайт. Ооба, көп киши үчүн туура эмес кылдым. Мен да энемин, жүрөгүм ооруду. Ушундай болуп кете берсе чоңойгондо эмне болот деп тарбиялоо максатында урушуп коёюн дегем. Туура, эки жолу чапкам. Ал үчүн кечирим сурайм. Мен баламды өлдү-өлдү болуп араң төрөгөм. Баламсыз жашай албайм. Окуя тууралуу так маалыматты билип-билбей видеону таратканыңарды койгулачы», — деп кайрылган эне.