«Баламды осьминог дешсе, оор тиет» дейт уулу айнек сөөк оорусунан жабыркаган эне

Биздин бул жолку каарманыбыз 34 жаштагы эне. Анын 8 жаштагы уулу Анарбек тубаса айнек сөөк оорусу менен жабыркайт. Жалгыз бой эне жолдошу мындан бир топ жыл мурда поездге тебеленип, каза болгонун айтат.

«Уулум учурда 8 жашта. Элдер осьминог дешет. Башында айнек сөөк оорусун да кабыл албай жүрдүм. Азыр кабыл алып, операция кылдырып жүрдүм. 5 жолу операция болду. Кайра эле сөөктөрү ийилип кетип жатат. Дагы операция кылганга болбойт экен. Инфекция кирип кетиши мүмкүн дешти. Башка өлкөдө операция кылышы керек экен. Түркияда 16 500 доллар экен. 3 ай сайын Орусиядан дары алдырабыз»,- деди ал.