Баласы коронавирус менен ооруп калган ата-эне эмне кылышы керек? Ыкчам штабдын жообу

Баласы коронавирус менен ооруп калган ата-эне чоңдор ооруп калганда жасаган аракеттерди көрүүсү керек. Биринчи кезекте педиатрга же үй-бүлөлүк дарыгерге кайрылып, аларга оорунун бардык белгилерин айтып берүүсү зарыл. Бул тууралуу республикалык ыкчам штабдан билдиришти.

«Бул илдеттин жеңил түрү болсо, анда дарылоо үй шартында жүргүзүлөт. Ооруга кабылган балага жылуу суюктукту көп берүү керек. Бул вирустук интоксикацияны, ысытманы тез басууга, ошондой эле жөтөлдү жана ангинаны басаңдатууга мүмкүндүк берет. Көпчүлүк учурда COVID-19га чалдыккан балага тынчтык жана суюктукту көп ичүү зарыл»,- деп айтылат маалыматта.

Дарыларды дарыгердин дайындоосу менен гана колдонуу керектигин билдиришти. «Көпчүлүк учурларда дары-дармек талап кылынбайт, анткени COVID-19 балдарда көбүнчө жеңил өтөт. Үй режимин сактоо жана көп суу ичүү жетиштүү. Эгерде баланын абалы начарлап кетсе, токтоосуз түрдө «103» кызматына чалыңыз»,- дешти.