Балдар менен энелердин жерде жаткан сүрөттөрү тараган соң, Ош облустук ооруканасына орундар бөлүндү

Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун тапшырмасы менен Ош шаардык балдар ооруканасынан Ош облустук балдар ооруканасынын бейтаптары үчүн 60 орун бөлүндү. Бул тууралуу Ош мэриясынан билдиришти.

«Иш-чара сезондук курч респиратордук вирустук инфекциялар менен ооругандардын көбөйүшүнө байланыштуу облустун райондорунан Ош облустук балдар ооруканасына кайрылган бейтаптардын саны көбөйгөндүгүнө байланыштуу жүргүзүлүүдө», — деп айтылат маалыматта.

Кечээ, 6-ноябрда соцтармак колдонуучусу сүрөт менен бөлүшүп, Ош облустук ооруканасында орундардын жетишсиздигинен улам балдар менен энелер жерде жатканын айтып чыккан эле.