"Балдар мени эже деп жатышат" дейт 4 бала менен калган SUPERTV’нын каарманынын жубайы
Мындан беш ай мурда SUPERTV’га “Жубайым күтүүсүз каза болуп, 4 бала менен калдым. Кичүүсү 2 айлык” деген 32 жаштагы атанын маеги жарык көргөн.
Видеону ушул күнгө чейин 600 миңге жакын адам көрдү. Каарманыбыз элден 450 миң сом чогулганын жана балдарына эне, өзүнө сүйүктүү жар тапканын кабарлады. Биздин чыгармачыл топ Фарух Эргашовду куттуктап, кабар алып келди.
"7-июнь күнү менин жакын досум жана жубайым Надиранын эжеси болуп эле мечитке барып, нике кыйдырдык", - деди Эргешов.
"Азыр балдар эже деп кайрылып жатышат. Энелик мээримди бергенге аракет кылып жатам. 6 баланы бирдей караганга аракет кылып жатам. Балдардын тарбиясы жакшы, мени жакшы кабыл алышты", - деди жубайы.