«Балдар үшүп калыптыр». Куткаруучулар Орусиядан келген туристтерди тоодон түшүрүштү

Бүгүн, 29-мартта Аламүдүн районунун 4 куткаруучусу таңкы саат 5:30да орусиялык туристтерди аман-эсен тоодон түшүрүштү. Тактап айтканда, билдирүү түшкөн соң куткаруучулар “Ала-Арча” улуттук паркында жайгашкан Адыгене капчыгайына 28-мартта саат 21:55те жол көрсөтө турган 2 ыктыярчы менен биргеликте издөөгө чыгышкан.
Издеп-куткарууга жооптуу офицер Нургазы Орозовдун айтымында, капчыгайда аба ырайы кескин өзгөрүп, кар жаагандыктан туристтер тоо боорундагы жалгыз аяк жолду таппай, адашып калышкан. “Алардын түн ичинде белги бере турган буюмдары да жок экен. Капчыгайды өрдөй издеп, эч кимди тапкан жокпуз. Тоонун экинчи тарабы менен издеп келе жатып, түнкү саат 3төрдө сүйлөшкөн үндөрдү уктук. Көрсө, жеңил кийинип чыккан балдары тоңуп, аларды сооротуп жатыптыр”, – дейт ал.
Куткаруучунун айтымында, үшүп калган баласына медициналык алгачкы жардамын көрсөтүп, өздөрүнүн кийими менен жылуулап, тоодон айрым учурда баласын көтөрүп, аман-эсен алып түшүшкөн. Куткарылган Орусиянын  жарандары А.Ж. 49 жашта, Е.Ж. аттуу кызы 2005-жылы төрөлгөн, ал эми уулу Г.Ж. 10 жашта.