Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Кара-Балта, Кызыл-Кыя жана Токмок шаарларында мектептерге 1-класска балдарды электрондук каттоо аркылуу кабыл алуу уланууда. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Мекеменин акыркы маалыматтарына ылайык, бүгүнкү күнгө чейин келип түшкөн арыздардын жалпы саны 7 миңден ашкан.
Алардын ичинен:
Бишкек – 6350;
Ош – 150;
Кара-Балта – 122;
Токмок – 96;
Кызыл-Кыя – 272;
Жалал-Абад – 167.
Ал эми мекеменин техникалык колдоо көрсөтүү кызматына келсек, ал дүйшөмбүдөн жумага чейин, саат 9:00дөн 18:00гө чейин иштейт. Тыныгуу сааты: 12:00-13:00.
Балдарды мектепке 1-класска электрондук каттоо 15-фералда башталган.
кандай каметаря
Саламатсызбы мен кызымда мектепке каттайын деген элкм Бишкеке озум болсо Масквадамын кантип каттасвм болот электроний кылып
Жооп бере кктсенизде сураныч