Балдардын башкы хирургу Талант Өмүрбеков эки тараптуу пневмония менен ооруканага түштү

Кечээ, 19-январда балдардын башкы хирургу Талант Өмүрбеков эки тараптуу пневмония менен ооруканага түшкөн. Учурда анын абалы туруктуу. Бул тууралуу маалыматты Жугуштуу оорулар боюнча республикалык ооруканасынын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев билдирди.

Анын айтымында, Талант Өмүрбеков кечээ эртең менен дем жетпеген абалда ооруканага жаткырылган.

“Учурда бардык керектүү медициналык жардам көрсөтүлүп жатат”, — деди дарыгер.