«Балдардын келечеги эмне болот?» Максат айылынын тургундары президентке кайрылды (видео)

Баткен облусунун Лейлек районунун Максат айылынын тургундары президент Садыр Жапаровдон мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо иштерин тездетүүнү суранышат. Бул тууралуу видео кайрылууда айтылат.

Айыл башчысы Сапарали Адинаев билдиргендей, 20 үй толугу менен күйүп, 100 үй капиталдык оңдоого муктаж, анын 70и өткөн жылы курулган.

«Эки күндөн кийин жаңы үйлөрдүн курулушу башталат, жабырлануучуларга убактылуу турак жайларды ижарага алуу үчүн 200 миң сом бөлүндү. Ар кимге 3 тоннадан көмүр таратып беребиз деп убада беришти», — дейт Сапарали Адинаев. Айыл башчы белгилегендей, аймактын жашоочуларын эң көп коопсуздук маселеси ойлондурат.

«Садыр Нургожоевич, чек араны делимитациялоо маселесин тездетиңиз. Балдарыбызды кандай келечек күтүп турат? Алар стресске кабылышкан, психологдун жардамына муктаж. Биздин мектеп азырынча иштебейт, балдар онлайн окууга өтүштү. Айыл эли кандай болуп, эмне кыларын билишпейт. Биз алардын айылдагы коопсуздугуна кепилдик бере албайбыз. Сентябрь окуясында биздин айылдан 10 адам жабыркап, бирөө каза болду», — дейт Сапарали Адинаев.