Кечээ, 27-апрелде ӨКМ маалымат таратып, Чаткал дарыясынан 45 жаштагы жарандын жансыз денеси табылганын билдирген. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Жалал-Абад ОИИБден окуя боюнча төмөндөгүлөрдү билдиришти.
27-апрель күнү саат 16:51 чамасында милицияга Чаткал районунун Каныш-Кыя айылынын тургуну Чаткал дарыясынын жээгинде балык кармап жаткан жеринен белгисиз адамдын денеси сууда агып бара жаткандыгын көрүп калганын айтып, кабар берген. Аталган факты Чаткал РИИБге катталып, алдын ала текшерүү иштери башталган. Чаткал дарыясында агып бара жаткан жансыз дене айыл тургундары тарабынан Кара-Булак айылынын тушунан дарыядан чыгарылып, анын Каныш-Кыя айылынын 45 жаштагы тургуну экендиги такталган.
Каза болгон жарандын апасы, бир туугандары, аялы эч кимге эч кандай арыз доосу жоктугун билдиришип, арыз жазуудан жана жансыз денесин соттук-медициналык экспертизадан өткөрүүдөн баш тартышты.