Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол жолунун реконструкциясы 2024-жылдын аягында бүтөт

“Ишеним” фракциясынын көчмө жыйыны Тоң районунда өтүп, анда калктын олуттуу көйгөйлөрү талкууланды. Көчмө жыйынга фракция лидери Улугбек Ормонов, депутаттар Чолпон Султанбекова, Миргүл Темирбаева, Сүйүнбек Өмүрзаков, Русланбек Жакышов, Медербек Алиев, Тоң районунун акими Байышбек Астанкулов, айыл өкмөт башчылары, жергиликтүү кеңештин депутаттары, жаштар уюмдарынын, коомдук бирикмелердин өкүлдөрү катышты.

Жолугушууда жергиликтүүлөр райондогу жол, ирригациялык тутум, баатыр-энелерге жөлөкпул берүүдө жаш куракты кайра кароо, дары-дармекти жеткиликтүү камсыздоо сыяктуу социалдык-экономикалык маселелерди көтөрүштү. Тургундар Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол унаа жолунун реконструкциясын тездетип бүтүрүү зарылдыгын айтышты. Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Ырысбек Бариев каражат учурунда бөлүнүп жатканын жана жол 2024-жылдын аягында бүтөрүн билдирди. Ал Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол жолу «Кыргыз Жол Курулуш» жана «Арек Строй» ЖЧКлары тарабынан курулуп жатканын кошумчалады.

Жергиликтүү эл Ак-Терек жана Тогуз-Булак айыл аймактарындагы 2014-жылы курулушу башталган мектептерди бүтүрүп берүүнү өтүнүштү. Архитектура, курулуш, турак-жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Азирис Акимов ырастагандай, ал объекттер капиталдык салымдардын тизмесине кирген жана быйыл колдонууга берилмекчи. Аймактын тургундары Орто-Токой суу сактагычынан суу кечиктирилип берилип жатканына нааразылык билдирди. Трансформация маселеси да козголуп, Кара-Талаа айылынын жашоочулары көп жылдан бери жер тилкесин алууга кезеги келбей жатканын айтышты.

Андан тышкары, Тоң районунан Биринчи Элдик Курултайга делегат болгондор “Элдик Курултай жөнүндө” конституциялык мыйзам долбоорун кечиктирбей кабыл алууну суранды. Тармактык комитеттин төрайымы Чолпон Султанбекова мыйзам долбоор 10-майда биринчи окууда кабыл алынганын, экинчи окууда бардык сунуштар караларын билдирди.

Жыйын катышуучулары Ысык-Көлдүн түштүк жээгин ЮНЕСКОнун геопарк глобалдык тармагына кошуунун маанилүүлүгүн айтып, ага көмөк кылууну өтүнүштү.