Балыкчы шаарынын 64 жаштагы тургуну Таштан Иманов Ысык-Көлдү 3 күндө велосипед менен айланып чыкты.
Ал 7-августта Балыкчы шаарынан Ысык-Көлдүн тескей тарабы менен жолго чыккан. Бүгүн, 10-августта велосипед менен көл аймагын ийгиликтүү тегеренип, Балыкчыга кайтып келди.
Таштан Иманов ден соолукту чыңдоо жана жаштар арасында сергек жашоо мүнөзүн калыптандыруу, аларга үлгү көрсөтүү максатында көлдү айланып өтөрүн айткан.